Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Чыныбай Турсунбеков чет элдик жумушчу күчтөргө квота берүү маселесин көтөрдү

Кыргызстанда иштөөнү каалаган чет элдик жарандарга уруксаат кагазын берүү системасында коррупциялык механизм бар. Мындай пикирин  КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков билдирди.

2-февралда КСДП парламенттик фракциясынын депутаттары фракциянын жыйынында Кыргыз Республикасынын эмгек рыногу жана  калктын иш менен камсыз болуусу, ошондой эле ички жана тышкы эмгек миграциясын көзөмөлгө алуу маселесин карашты. 

Талкуунун жүрүшүндө,  депутат Чыныбай Турсунбеков Кыргыз өкмөтү жумушка тартуу үчүн жылына чет элдик 14 490 жаранга квота берилерин  белгиледи.

“Бирок берилген квота толугу менен камсыз болбойт. Мисалга  алсак, өткөн жылы жумушка уруксат кагазын 12 600 жаран гана алган. Чет элдик жарандар ансыз деле Кыргызстанга келбесе квота бергендин эмне кереги бар? Баарыбызга маалым болгондой, чек коюлган жерде  коррупциянын түптөлүшүнө жагымдуу жагдайлар түзүлөт. Менин оюмча,  берилген квоталар кайсы бир чиновниктин кызыкчылыгы үчүн гана түзүлбөшү керек”, - деди Чыныбай Турсунбеков.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы