Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Эл өкүлдөрү памирлик кыргыздардын коомго аралашып, иш менен камсыз болуусуна шарттарды түзүү зарылдыгын айтышты

2-февралда КСДП парламенттик фракциясынын депутаттары фракциянын жыйынында Кыргыз Республикасынын эмгек рыногу жана  калктын  иш менен камсыз болуусу, ошондой эле ички жана тышкы эмгек миграциясын көзөмөлгө алуу маселесин карашты. 

Талкуунун жүрүшүндө,  депутаттар Чыныбай Турсунбеков жана Улан Примов Нарын облусунда жашап жаткан памирлик кыргыздардын тагдыры боюнча тынчсыздангандарын билдиришти.

Эл өкүлдөрүнүн  белгилөөсүндө,  миграция тармагын көзөмөлдөгөн тийиштүү мамлекеттик органдар көчүп келген жарандардын иш менен камсыз болуусуна жана алардын жашоо шартын жакшыртууга көңүл буруулары  зарыл.

“Азыркы учурда алар жатаканада жашап жаткандыгын билебиз, бирок биз алардын келечегин ойлошубуз керек. Жума сайын ар бир район тамак-аш жеткирип тураарын уктум. Биз аларды Кыргызстанга көчүрүп келип, жоопкерчиликти алгандан кийин баштаган ишти аягына чыгарышыбыз керек”, - деди Чыныбай Турсунбеков.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы