Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Аида Касымалиева эмгек мигранттарынын инвестициялык потенциалын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн артыкчылыктуу мамиле түзүүнү сунуштады

Кыргызстандын  аймагында  жагымдуу инвестициялык абал орнотуп,  мекендештерге бизнес кылуу үчүн жеңилдиктерди түзүп берүү керектигин КСДП парламенттик фракциясынын депутаты айтты.

2-февралда КСДП парламенттик фракциясынын депутаттары фракциянын жыйынында Кыргыз Республикасынын эмгек рыногу жана  калктын  иш менен камсыз болуусу, ошондой эле ички жана тышкы эмгек миграциясын көзөмөлгө алуу маселесин карашты. 

Талкуунун жүрүшүндө,  КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Аида Касымалиева калкты иш менен камсыз кылуу тармагындагы мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугунун жоктугу,  көзөмөл бир мамлекеттик органдан экинчи бир мамлекеттик органга бат-баттан өтүп жатуусу жөнүндө  айтты.

Депутаттын айтымында, азыркы учурда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жүктөлгөн милдеттер боюнча иш алып бара албай жатат, ошол себептен жаңы жөлөк пулдарды киргизүү боюнча мыйзам долбоору толугу менен ишке ашпай калды.

“Ушуга байланыштуу министрликтин социалдык коргоо функциясын калтырып, эмгек тармагындагы функцияларын бөлүш керек”, - деди Аида Касымалиева. Ошондой эле эмгек жана социлдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунованы көйгөйлөрдү санап эле койбостон, эмгек рыногун жана социалдык коргоону жакшыртуучу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга чакырды.

Депутат Аида Касымалиева сөзүнүн аягында Кыргызстандын территориясында жагымдуу инвестициялык абал орнотуп,  мекендештерге бизнес кылуу үчүн жеңилдиктерди түзүп берүү керектигин белгиледи.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы