Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Айнуру Алтыбаева: Төрөт курагындагы адамдар арасында кургак учук менен ооругандардын өсүшү кооптонууну жаратат

     1-февралда Жогорку Кеңештин жыйнында КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева коомчулуктун көңүлүн кургак учук оорусуна буруп, жаштардын арасында оорунун алдын алуу жолдору тууралуу иштерди жүргүзүү керектигин белгиледи.

     “Жыл сайын кургак учук менен ооругандардын жаш категориясы жашарып баратканы кооптонтпой койбойт. Статистиканын берген маалыматы боюнча 18 жаштан 24 жашка чейинкилер арасында кургак учук менен ооругандардын саны өсүүдө. Тагыраак айтканда бул эне болчу, ден-соолугу бекем бала төрөй турчу,  төрөт курагынды кыз – келиндер. Ошол себептүү өкмөт жаштардын арасында бул оору тууралуу маалыматты жайылтып, андан сактануу жолдорун айтып, ден-соолуктарына көңүл бурууга чакырышы керек”, - деди Айнуру Алтыбаева.

     Мындан сырткары депутат башкаруунун бардык чөйрөлөрүндө каржылоону камсыз кылуудагы алдын ала иштердин муктаждыгы тууралуу сөз айтты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы