Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Жылдыз Мусабекова өкмөттү Нарын элинин кВт/с 70 тыйындан кетип жаткан электр энергия лимитин бир миңден эки миңге көтөрүп берүүгө чакырды

     Бүгүн 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Мусабекова Нарын облусунун ар кыл көйгөйлүү маселелерге өкмөт өкүлүнүн көңүлүн бурду.

     “Мен Ат-Башы районунда суук ызгаардуу жана узак болот десем ишенчү эмес элеңер. Акыркы болгон окуялар оор климатта жашаган адамдардын эрктүүлүгүн дагы бир жолу далилдеп берди. Азыркы убактагы эң эле көйгөйлүү маселелердин бири - бул айылдыктардын чөнтөгүнө оор болуп жаткан электр энергиясына болгон тарифтер. Ушуга байланыштуу мен көп жолу киловатт-саатына 70 тыйындан кетип жаткан лимитти бир миңден эки миңге көтөрүүнү сунуштагам. Силер берип жаткан жооптор менен мен канааттанган жокмун. Дагы бир жолу мен силерден, жеке эле менин эмес жалпы Нарын элинин талабына көңүл буруп коюуңуздарды өтүнөм”, - деп өкмөт өкүлүнө кайрылды Жылдыз Мусабекова.

     Мындан сырткары Ак-Талаа районундагы Байгончок айыл аймагындагы Табрис Оторов атындагы мектептин жылуулук системасын оңдоого жана спорт зал салып берүү, ошондой эле, Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл аймагындагы Кара-Ой айылына сууну тегиз пайдалануу үчүн дамба куруп берүү маселеси бар экенин айтты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы