Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Карамат Орозова өкмөттү Баткендеги биофабриканы транспорт менен камсыз кылып, штаттагы кызматкерлеринин санын көбөйтүп берүүгө чакырды

    Бүгүн 1-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Карамат Орозова чарба өсүмдүктөрүн зыяндуу оорулардан коргоочу даярдык өндүрүүчү биофабриканы транспорт менен камсыздоо жана штаттагы кызматкерлеринин санын көбөйтүү муктаждыгы бар экендигине токтолду.

     Депутаттын айтымында, биофабриканын жогорку деңгээлде иш алып барышына өндүрүлгөн даярдыктарды ташуучу авто унаанын жоктугу жана кызматкерлердин жетишсиздиги тоскоол болуп жатат.

     “Азыркы убакта 8 лабораторияга 5 адис туура келет. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында президенттин катышуусу менен биофабриканын ачылышы болот. Өндүрүштүн расмий ачылышына чейин керектүү авто унаа  жана адистер менен камсыз кылып беришибиз керек”, - деди Карамат Орозова.  

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы