Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кожобек Рыспаев: Бийлик Бишкек шаарынын ЖЭБин толук ишке кирүүсүн жарыялап шашылып кеткен

      31-январда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутаттар Бишкек ЖЭБиндеги болгон окуя боюнча өкмөт башчынын маалыматын угушту.

       Жыйындын жүрүшүндө КСДП паламенттик фракциясынын депутаты Бишкек ЖЭБиндеги авария шалаакылыктын айынан келип чыкканын айтты.

        “Биз баарыбыз жаңы ЖЭБди курууну колдогонбуз, бул долбоордун ишке ашышына эч ким каршы болгон эмес. Кудайга шүгүр объект курулуп мындан да күчтүү авариядан сактап калды. Бирок биз суроо бергенге акыбыз бар, канча каражатка салынды? Ал каражат каякка жумшалды? Бул биздин милдетибиз. Айткылачы насоско таза, тузу жок суу түшөбү? Ооба. Анда насостун ичинде ылай каяктан келип чыкты? Демек силер эч качан насосту ачып көргөн эмессиңер. Шалаакы мамиле көрүнүп турат. Эмнеге экинчи котлоагрегатты бешинчи күнү гана күйгүздүңөр? ЖЭБди салып бүтүрдүк, лентаны кестик. Лентаны кесип ачкандан кийин бир гана агрегат иштеген, экинчиси жөн гана турган.  9 буу казаны иштеп 6 резервде турган. Эмне себептен жаңы агрегатты ишке киргизип, эскисин оңдоп резервге коюп койгон жоксуңар? Азыр силер объект толугу менен ишке киргизилген деп айта аласынарбы?”, - деп кызыкты Кожобек Рыспаев.

       Жумуштар толугу менен техникалык тапшырмага ылайык жасалганы тууралуу өкмөт мүчөсү айтып берди.

        “Калп айтпагыла, химблок курула элек. Ошонун себебинен эски жабдууларды колдондуңар. 5 кун сүйрөдүңөр. Калп айтпаш керек. Сапар Жумакадырович, объект салынбасын деп эч ким айткан эмес. Салынсын, бирок жумуштар так аткарылсын. Эгерде химиялык блок өз убагында салынып калганда бул окуя болбойт эле. Эмне себептен ЖЭБ толугу менен салынып бүттү деп жарыяладыңар? Ким жооп берет буга?”, - деп сөзүн аяктады Кожобек Рыспаев.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы