Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Иса Өмүркулов: Башкаруу кризиси - Бишкек жылуулук системасынын кемчиликтеринин эң негизги себеби

     Бишкек ЖЭБинде болгон окуядан кыргыз өкмөтү сабак алып энергосектордун структурасын карап чыгуу зарылчылыгы бар экенин КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов айтты.

      31-январда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутаттар Бишкек ЖЭБиндеги болгон окуя боюнча өкмөт башчынын маалыматын угушту.

       Талкуунун жүрүшүндө КСДП парламенттик фракциясынын лидери,болгон авариялык абал энергетика системасындагы кадрдык саясаттын негизинен улам келип чыкканын баса белгиледи.

       “Бишкек шаардык ЖЭБдеги болгон авариядан улам шаардын тургундары көптөгөн материалдык жана моралдык жапа чегишти. Мен ЖЭБдин жумушу менен жакындан таанышмын, бул жагдай уюштуруучулук жана технологиялык башкаруу көйгөйүнөн улам келип чыкты. Адистердин ишине болгон шалаакылыгы, тийиштүү көзөмөлдүн жетишпегендиги көрүнүп турат.  Эгерде шаарда жаңы буу казандар болбогонда, чыныгы кыйроо болмок. Маселенин баардыгы башкарууда. Азыркы убакта энергетика секторунда татаал, көп баскычтуу башкаруу системасы орногон, баарыбызга маалым болгондой  койчулар канчалык көп болсо, ошончо койлор ачкадан өлүп калуу коркунучу бар. Өкмөт бул болгон окуядан сабак алып, энергетика секторунун башкаруу структурасын карап чыгуу керек”, - деди Иса Өмүркулов

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы