Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Дастан Бекешев Бишкек ЖЭБиндеги авария тууралуу: Кыргызстанда башчылардын саны өсүүдө бирок адистер жок

     КСДП парламенттик фракциясынын депутаты  бардык мамлекеттик башкаруу катмарында административдик кызматкерлердин өсүшү байкалууда.

      31-январда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутаттар Бишкек ЖЭБиндеги авария тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаковдун маалыматын угушту.

      Талкуунун жүрүшүндө бул авариялык абал энергетикалык системанын кадрдык саясатынан улам чыгып жатканын КСДП фракциясынын депутаты билдирди.

      “Өзүңөр көрүп турасыңар бизде башчылар өтө эле көп: бири энергияны өндүрөт, бири бөлүштүрөт. Мисалы, “Электрические станции” ААК ким башкарат? А Энергохолдингди ким башкарат? Өкмөт башчы. Ал эми өкмөт башчынын ким башкарат? Депутаттар жана башкалар...”, - деп Дастан Бекешев өкмөттү энергетика тармагындагы кадрдык саясатты карап чыгууну сунуштады.

     Андан сырткары депутат, үйлөрүндө температура төмөндөп кетип, эми медициналык жардамга муктаж болгон  жарандарга компенсация төлөп берүү муктаждыгы бар экенин баса белгиледи.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы