Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Аида Касымалиева жаштарды билимге умтулуп, максаттарды бийик коюуга чакырды

      Бүгүн 31-январда Жогорку Кеңеште КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Аида Касымалиева шаардагы алдыңкы окуу жайлардын журналистика факультетинин студенттери менен жолугушуу өткөрдү.

      Суроо-жооп форматында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө эл өкүл өзүнүн турмуш  жана журналистика тармагындагы эмгек жолу тууралуу айтып берип, дал ушул жол элдин социалдык абалын жакшы түшүнүүгө түрткү берип, кайсы бир жагынан чоң саясатка келишине да себеп болгонун айтып берди. Буга карабастан ал өзүн биринчи орунда журналист катары эсептээрин баса белгиледи.

     Ошондой эле эл өкүл өзүнүн келечектеги коллегаларына журналистиканын эң бийик стандарттарын кабыл алып, журналистке тиешелүү этикалык кодексти бекем кармоого чакырды. Аида Касымалиева студенттердин көңүлүн чет тилдерин үйрөнүүгө буруп, дал ошол чет тилдерин билүү келечекте көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачып берээрин баса белгиледи.

      “Биз өзүбүздүн убактыбызды туура колдонуп, ар бир өткөн күндү жаңы билим үйрөнүүгө пайдаланышыбыз керек. Чет тилдерин үйрөнүүнү биз мектеп партасынан эле баштообуз зарыл, себеби кийин силерде убакыт да, мүмүкүнчүлүк да болбой калышы мүмкүн. Англис тилин билүү азыркы учурда силерге эмгек талаасында чоң мүмүкүнчүлүктөрдү ачып берет”,-деди Аида Касымалиева.

     Сөзүнүн аягында депутат Аида Касымалиева студенттерге келечекте алар өз кесиптеринин профессионалы болооруна ишенээрин айтып ийгилик каалап өттү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Фотогалерея