Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

КСДП парламенттик фракциясы Бишкек ЖЭБинде болгон авария боюнча премьер-министрди чакырып маалымат угууну сунушташты

     Бүгүн31-январда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында КСДП  парламенттик фракциясынын эл өкүлдөрү Кожобек Рыспаев, Төрөбай Зулпукаров, Дастан Бекешев Бишкек шаарынын ЖЭБинде болгон авария боюнча премьер-министрди чакырып маалымат угууну сунушташты.

     Жыйындын жүрүшүндө КСДП фракциясынын эл өкүлдөрү маселени талкуулоо үчүн тийиштүү мамлекеттик органдардын башчылары эмес, орун басарлары келгенин белгилешип, Бишкек ЖЭБиндеги болгон авария боюнча маселени талкуулоо үчүн Сапар Исаковду чакыруу зарыл экенин айтышты.

      Ошондой эле К. Рыспаев өкмөт башчы Ош базарындагы 3,5 миңден ашуун сатуу аянтчасын талкалаган өрт боюнча да маалымат берүүсү керектигин баса белгиледи.

       Талкуулоонун жыйынтыгында, Жогорку Кеңештин депутаттары 11:00 до өкмөт башчыны жана тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакыруу чечимин колдошту.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы