Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Марат Аманкулов: Үлүш ээлери өздөрүнүн маселелери менен өздөрү калбашы керек

     КСДП фракциясынын депутаты Кыргызстанда  турак-жай курулуш катышуучуларынын ортосундагы каржылык мамилелерди укуктук жөнгө салуу зарылдыгы бар экенин баса белгиледи.

      Бүгүн 30-январда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар көп кабаттуу турак жайларды  куруудагы үлүш ээлеринин маселелерин талкуулашты. Комитеттин жыйынына кызыктар болгон тараптардын бардыгы катышты.

      КСДП парламенттик фракциясынын депутаты, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча  комитетинин төрагасы Марат Аманкулов, жарандардын өз салымдарын турак жайларды курууда инвестициялап жаткандыгы жалпыга маалым көрүнүш болуп калды, бирок бул көрүнүштүн жакшы жактарына катар эле терс жактары да бар, себеби бийлик тарабынан тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан эки  тараптуу милдеттер талаптагыдай аткарылбай келет.

      “Бүгүн Комитеттин жыйынында биздин демилге боюнча үлүштүк курулуштун маселеси көтөрүлдү. Бүгүнкү күндө турак-жайлардын курулуу темпи өсүүдө. Бул эң жакшы экономикалык жана социалдык көрүнүш. Бирок бул менен чогуу ар кандай маселелер жаралууда жана биз аларды чечишибиз керек. Мисалы,  кайсы бир себептер менен кээ бир курулуштар аягына чыкпай же эксплуатацияга берилбей жатат.  Ушуга байланыштуу турак-жайларды сатып алган үй ээлери газ, электр энергиясы, суу, жылуулук тартуулаган коммуналдык кызмат көрсөткөндөргө толук кандуу абонент боло албай,  коммерциялык тарифтер менен коммуналдык кызмат акыларын төлөөгө мажбур болушууда. Тийштүү документтердин жоктугугунан катталганга мүмүкүнчүлүк жок болуп социалдык пакеттерге ээ боло албай, жатышат”, - дейт Марат Аманкулов.

      Эл  өкүлү билдиргендей, азыркы учурда мыйзамда үлүш ээлеринин жана куруучу компаниянын  катышуучуларынын ортосунда каржы мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук жоболор жок, мамилелер эки тараптуу макулдашуунун негизинде гана жөнгө салынат.

      “Комитет бүгүн үлүштүк курулуштун маселелерин чечүүгө түрткү берген чечим кабыл алат деп  ишенем. Биз эки тараптуу иш алып барышыбыз керек, биринчиси ушул көйгөгө кабылган жарандардын маселесин чечип, экинчиден үлүш ээси менен куруучунун ортосундагы каржы маселесин көзөмөлгө алган мыйзам кабыл алышыбыз керек. Бүгүнкү күндө мыйзам тарабынан эч кандай көзөмөл жүргүзүлбөйт. Мамлекет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары четке чыгып кеткен кырдаалдар жаралбашы керек. Бирок бүгүнкү күндө мындай көйгөлөр күндөн күнгө өсүп үлүш ээси менен куруучунун ортосундагы маселе жеке алардын маселеси болуп чечилбей курчуп баратат”, деп аяктады Марат Аманкулов.

     Талкуунун аягында комитет өкмөткө үлүштүк курулушту жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, куруучу компанияларга тийиштүү документтерди алууда жана турак-жайларды эксплуатацияга берүүдө көмөк көрсөтүү тууралуу сунуш беришти.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы