Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Аалы Карашев: Кыргызстандыктар пенсиянын документтерин жасоодо бюракратиядан жапа чекпейт

     Бүгүн 29-январда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында депутаттар КСДП парламенттик фракциясынын депутаттары Аалы Карашев, Гүлкан Молдобекова, Абдывахап Нурбаев жана башкалар тарабынан демилгеленген  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маселени карашты.

      Мыйзам долбоордун автору Аалы Карашев баса белгилегендей, азыркы учурда пенсияны дайындоо процедурасы Кыргызстанда эң эле татаал процедура, себеби жарандар Соцфондго көптөгөн, алынаарда көп убакыт керектелүүчү документтерди тапшыруусу зарыл.

      “Ушуга байланыштуу пенсияны дайындоо тартибинде документтерди чогултуу процедурасын жеңилдеткен жана керектүү документтердин санын азайткан өзгөртүүлөр сунушталууда. Өзгөртүүдө жарандарга иш китебин, мындан сырткары жумуш берүүчүдөн 60 айлык үзгүлтүксүз иштеген жумушунун айлык өлчөмү жана  ошол убакытка төлөнгөн камсыздандыруу акысы тууралуу маалымат берүүсү милдеттендирилет.  Калган иштеген убактысындагы камсыздандыруу акысын тактоо милдетин Соцфондго жүктөө сунушталат”, - деди Аалы Карашев.

       Мындан сырткары депутат, Жогорку Кеңештин өткөн жыйынында бул мыйзам долбооруна редакциялык мааниде түзөтүүлөр сунушталып, депутаттар тарабынан биринчи окууда колдоо тапканын белгиледи.

      “Атап айтканда жарандарга жеңил болуу үчүн документтерди тапшыруу бир айдан алты айга узартуу сунушталган. Мындан сырткары Соцфонд тарабынан эсептөөлөр менен таанышуу үчүн түзүлүп жаткан сайттагы электрондук өздүк кабинет даяр болгонго чейин, бул жазууларды кагаз түрүндө да жүргүзүү сунушталып жатат. Биз бул сунуштоолор  менен макул болдук жана жарандар үчүн пенсияны дайындоо процессин жеңилдетип бюракратияны азайтууга көмөк көрсөтө турган мыйзам долбоорун сиздерден да колдоп берүүңүздөрдү суранабыз”, - деп аяктады Аалы Карашев.

       Талкуулоо бүткөндөн кийин депутаттар бир добуштан мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоп беришти.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы