Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Мухтар Айнакулов Айыл чарба министрлигин жазгы талаа иштерине даярдыкты тездетүүгө чакырды

     КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Мухтар Айнакулов  тиешелүү профилдик мекемелерге чарбаларды өз убагында жер семирткичтер, уруктар жана күйүүчү май каражаттары менен камсыз болуусуна көңүл бурууга чакырып, мындан сырткары Финансы министрлигин Суу чарба департаментине сугат каналдарын тазалоо үчүн акча каражат бөлүү керектигин айтты.

     Бугун 29-январда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында  депутаттар 2018-жылдын жазгы талаа иштерине болгон даярдыктар боюнча жасалып жаткан жумуштар тууралуу маалыматты угушту. 

      “Өзүңүздөр билгендей Президенттин Указы менен 2018 жыл –региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Региондорду өнүктүрүүнүн эң башкы элементтеринин бири бул чарбаларга өз убагында жер семирткичтерди, урук жана күйүүчү май каражаттарын жеткирип, жардам көрсөтүү болуп саналат. Азыр силер Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деп атасынар. Качан алар аягына чыгат? Силер азыр мынча жер семирткич бар, дагы мынча сатып алыш керек деп жооп беришиңер керек эле. Бир айдан кийин талаа иштери башталат”, - деп,  эл өкүл М. Айнакулов, Айыл чарба министрлигине жазгы талаа иштерине даярдыкты тездетүү зарыл экенин айтты.

     Мындан сырткары эл өкүл Финансы министрлигин Суу чарба департаментине сугат каналдарын тазалоо үчүн каражат бөлүп берүүгө чакырды.

     “Жаздын келиши менен кайсы бир дыйкан колуна күрөк кармап өз алдынча арык тазалап жүргөнүнө күбө болобуз. Сугат каналдарын тазалоо бул Айыл чарба министрлигинин милдети,  чарба иштери башталганга чейин өз убагында тазалоо иштерин жүргүзүп, шарттарды түзүп бериш керек”, - деп Финансы министрлигин каржылоо маселесин созбой чечүүсүнө чакырып, сөзүн аяктады эл өкүл М. Айнакулов.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы