Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

КСДП фракциясынын депутаттары мүлктү камсыздандыруу институтун өнүктүрүү боюнча стратегиясын кабыл алууну колдошот

       25 январда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө КСДП парламенттик фракциясынын депутаттары Айнуру Алтыбаева жана Аида Касымалиева, өкмөт мүчөлөрүн табигый кырсыктардын коркунучун натыйжалуу алдын алуу үчүн мүлктү камсыз кылуу институтун өнүктүрүүгө көңүл бурууга чакырышты.

       Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлү Айнуру Алтыбаева тийиштүү мамлекеттин органдардын башчыларын кыймылсыз жана кымылдуу мүлктү жок кылуу же зыянга учуратууга байланышкан коркунучтарды азайтуу максатында эл аралык практикада колдонулган иш чараларга өтүүсүн белгиледи. Андан сырткары эл өкүлү коопсуздук системасын өнүгүшүн кеңейтүү  үчүн кандай иш чаралар өткөрүлүп жатканына кызыкты.

       Азыркы учурда  мүлктү камсыз кылуу мыйзамы өтө либералдуу болуп саналат, камсыздандыруу ыктыярдуу болгондугуна  байланыштуу мүлкүн камсыз кылган жарандардын саны аз гана пайызга өсүүдө, ал эми ар кандай милдеттүү түрдө камсыздандырууну киргизүү  жарандар тарабынан өтө оор кабыл алына тургандыгын вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев билдирди.

       Эл өкүлү Аида Касымалиева кесиптешинин оюн колдоп, өкмөттү өзгөчө кырдаал коркунучу өтө жогору жерде жашаган жарандар менен кылдат иш алып баруусуна чакырды. Мындан сырткары камсыздандыруу учуру пайда болгон убакта берилип жаткан 500 миң сом же үй алууга, же жер тилкесин алууга жетпей турганын баса белгилеп, төлөнүп жаткан каражаттын суммасын кайрадан карап чыгуу маселеси бар экенин белгиледи  эл өкүл.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Фотогалерея