Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Аида Касымалиева 2018-жылды үй-бүлө жана балдардын укугун коргоо жылы деп жарыялоону сунуштады

Мындай сунушун эл өкүлү Жогорку Кеңештин 7-декабрдагы пленардык жыйынында билдирди. Муну депутат балдарга карата зордук-зомбулук күч алып, алардын кээ бирлери балдардын өлүмдөрүнө алып келип жаткандыгы менен түшүндүрдү.

«Акыркы окуя коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Бул атасы баласын тепкен учур, ал эми өгөй баласын өлтүргөнгө чейин сабап салган учурлар жок эмес. Ошол эле кезде күйөөсүнүн зордук-зомбулугуна дуушар болгон аялдар да көп. Алар бизде кандай кризистик борборлору бар экенин, алардан кандай жардамдарды алууга болорун сурап кайрылышат. Ушуга байланыштуу парламент тарабынан балдардын жана аялдардын укуктарын корголуусуна көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Бул маселеге арналган өкмөттүк саат өткөрүү керек», - деди депутат.

Ошондой эле депутат жашы жете элек балдарды коргоо, үй-бүлө институтун бекемдөө максатында 2018-жылды Үй-бүлө жана балдарды коргоо жылы деп жарыялоону сунуштады.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы