Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Айнуру Алтыбаева электр энергиянын лимити боюнча маселе көтөрдү

Жогорку Кеңештин 7-декабрдагы жыйынында эл өкүлү Айнуру Алтыбаева электр энергиясын чектөө боюнча маселе көтөрүп, мында теңдик болбой жатканын айтты.

Депутаттын айтымында, айылдын жашоочуларына 700 кВт\сааттык лимит киргизүү туура эмес. «Шаардыктарда  жылуулук  бар, ал эми айылдарда жок, алар жалаң 700 кВт\сааттык лимитте отурушат. Мында тарифтин дифференциациясын жүргүзсө болбойбу?, - деген суроону койду.

Ошондой эле депутат Ош, Жалал-Абад, Баткенде бир үйдө 3-4 үй-бүлөдөн жашашарын, белгиленген лимит аларга жетпестигин, андыктан лимит маселесин карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы