Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Дастан Бекешев: Мыйзамды өзүбүз сыйлабасак, башкалардан кантип талап кылабыз?

Жогорку Кеңештин 7-декабрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев коомдук жайларда чылым тартууга тыюу салган мыйзам иштебей жатканын айтты.

«Мамлекеттик органдардын имараттарында чылым тартууга болбойт. А бирок башка жерлерди мындай коелу, Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери, депутаттар өздөрү иш бөлмөлөрүндө, дааратканаларда чылым тартышат. Биз өзүбүз бул жагынан үлгү көрсөтпөсөк, анан кантип башкалардан чылым тартпоону, мыйзамды аткарууну  талап кыла алабыз? КРнын Административдик кодекси боюнча мамлекеттик мекемелерде чылым тартуу үчүн айып пул каралган. Анын суммасы 500 сомду түзөт. Бирок ушул кезге чейин бир адамга айып пул салына элек»,  - деди депутат Д. Бекешев.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы