Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

СДПКчы депутаттар Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары менен кызматташууну талкуулашты

Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Айнура Осмонова, Музаффар Исаков жана Максатбек Эгембердиев Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушту.

Жолугушууда эл өкүлдөрү парламент менен жергиликтүү кеңештердин кызматташуусунун келечегин талкууга алышты.

ЖК депутаттары шаардык кеңештеги кесиптештерин жылуу кабыл алышып, алардын иштерине ийгиликтерди каалоо менен бирге шаардын көйгөйлөрүн чечүүдө тыгыз кызматташууга чакырып өтүштү.

«СДПК фракциянын депутаттарынын атынан сиздердин келгениңиздерге ыраазычылык билдирем. Биз алдыга койгон жалпы максаттарга жетүү үчүн ар дайым кызматташууга даярбыз», - деди Төрөбай Зулпукаров. Ошону менен бирге депутат мамлекеттик болобу, аймактык болобу көйгөйлөрдү чечүүдө парламент менен жергиликтүү кеңештердин активдүү иш алып баруусу чоң мааниге ээ экенин кошумчалады.

Ал эми депутат Айнура Осмонова бюджеттин ачыктыгын камсыз кылууда шаардык кеңештин депутаттарынын ролу чоң экенине токтолду.

«Эки чакырылышта бюджет боюнча Комитеттин төрайымы болгон адам катары айтсам, сиздерден көп нерсе көз каранды, бюджет канчалык ачык-айкын болсо, шаардыктардын көйгөйлөрү ошончолук натыйжалуу чечилет. Ошондой эле сиздердин бюджеттин бөлүнүүсү эле эмес, бюджеттин камсыз болуусу да көз каранды. Сиздердин алдыңыздарда  резервдерди табуу менен бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү милдети турат. Мисалы, бул Батыровдун мүлктөрүнөн  алынган кирешелерди пайдаланууга да тиешелүү. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан бул маселе боюнча оң жооп алынды», - деди Айнура Осмонова. Мындан сырткары, депутат шаардык бюджеттин эсебинен шаардагы социалдык-маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

Фотогалерея