Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Максатбек Эгембердиев Көк-Жаңгактагы спорттук мектепке жардамын көрсөттү

Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты Максатбек Эгембердиев Көк-Жаңгак шаарындагы №6 орто мектептин базасындагы спорттук мектепке материалдык-техникалык жактан өз жардамын көрсөттү.

Ошондой эле депутат андагы машыгып жаткандарга өз белектерин берип, аларды сергек жашоо образын жүргүзүүгө, спорт менен машыгууга чакырып өттү. Аны менен катар окууда, спортто ийгилик, жеңиштерге жетүүлөрүн каалады.

Өз кезегинде спорттук мектептин жетекчилиги жана тарбиялануучулары эл өкүлүнө ыраазычылыктарын билдиришип, ишине ийгилик каалап өтүштү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

Фотогалерея