Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Айнуру Алтыбаева: 18-24 жаштагы эркектер арасында кургак учук менен ооругандар көбөйүүдө

Бул тууралуу СДПКчы депутат Жогорку Кеңештин 6-декабрдагы жыйынында айтты. Ошону менен бирге депутат саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып, жаштар арасында кургак учукту алдын алуу боюнча маалыматтык иштерди күчөтүүгө чакырып өттү.

«Кургак учук боюнча статистикалык маалыматтардын  жыйнагына таянсак, кургак учук негизинен эркектер арасында кеңири жайылган, ал эми акыркы жылдары бул оору жашарууда. Мисалы, 18-24 жаштар арасындагы жарандар арасында ооругандардын саны көбөйүүдө. Буга байланыштуу жаштар арасында кургак учукту алдын алуу боюнча маалыматтык, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү зарыл», - деди Айнуру Алтыбаева.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы