Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Айнуру Алтыбаева: Улуттук энергохолдинг укуктук жактан иштелип чыгууга муктаж

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзмдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин 5-декабрдагы жыйынында эл өкүлдөрү 1-вице-премьерлик кызматка ЖК депутаты Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин карашты. Анын талапкерлиги менен  өкмөт башчы Сапар Исаков тааныштырды.

Жыйындын жүрүшүндө, СДПК фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин колдой турганын билдирип, өкмөттүн жаңы мүчөсү өкмөттүн курамдык сапатын арттыра турганын ишенерин  айтты.

«Сиздердин көңүлүңүздөрдү Улуттук энергохолдинг  укуктук жактан иштелип чыгууга муктаж экендигине бургум келет, алиге чейин бул органдын юридикалык формасы белгисиз. Акционердик коомбу же жеке ишканабы? Ушул себептен улам аларды Эсеп палатасы текшере албай келүүдө. Мындан  ары да холдингге байланыштуу талаштуу маселелер чыкпайт дегенге кепилдик жок, ошондуктан ишкананын легитимдүүлүгүн тактап, уставын иштеп чыгуу зарылдыгын айтам», - деди эл өкүлү А. Алтыбаева.

Ошондой эле депутат өкмөт башчы Сапар Исаковго кайрылып сот системасы менен ИИМдин реформасын аягына чыгаруу керектигин белгилеп өттү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы