Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Осмонбек Артыкбаев: Өкмөт динамикалуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбашы керек

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзмдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин 5-декабрдагы жыйынында эл өкүлдөрү 1-вице-премьерлик кызматка ЖК депутаты Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин карашты. Анын талапкерлиги менен  өкмөт башчы Сапар Исаков тааныштырды.

Ал өз сөзүндө көрсөтүлүп жаткан талапкердин тажрыйбасы мол экендигин, өкмөттө энергетика тармагы боюнча иш алып бара турганын билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө, Осмонбек Артыкбаев өлкө динамикалуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбашы керектигин белгиледи. «Мен Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин колдойм, себеби, аны тажрыйбалуу жетекчи, иш билги адис катары билем. Учурда биз жеңил эмес кезди баштан кечирип жатабыз, жашоонун бүгүнкү ритми чечкиндүү, батыл кадамдарды жасоону талап кылууда. Өлкөнүн ИДПсынын өлчөмү 6-7 %дан кем болбошу керек. Ансыз атаандаштык жөндөмдүүлүгүбүздү жоготуп алышыбыз ыктымал», - деди Осмонбек Артыкбаев.

Эл өкүлүнүн айтымында, ал үчүн Кыргызстандын адамдык потенциалын пайдалануу зарыл. «Астана – кошуна өлкөнүн борбору, жогорку темп менен өнүгүп, өнүккөн 6 мегаполистин катарына кирди. Бул жакшы, бирок бул шаардын өнүгүүсү нефти аркылуу болууда. Бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Бизде адам ресурсу бар, биздин элибиздин тарыхы жана маданияты бай. Бул багыттан алганда, жаштардын идеяларын пайдаланып, аларды  улуу муундагылардын тажрыйбасы жана  даанышмандыгы менен айкалыштыруу зарыл», - деди депутат.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы