Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Улан Примов менен Айнуру Алтыбаева Өзбекстан куруп берчү мектептин сапатын көзөмөлгө алууга чакырышты

Бул тууралуу эл өкүлдөрү бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында айтышты. Жыйында Ош шаарына 630 орундуу мектептин курулушу үчүн Өзбекстандан берилчү каржылык гранттын Макулдашуу долбоору каралды.

Эл өкүлү Улан Примов Казакстан берген гранттык каражатка курулган «Жетиген» мектебинин курулушунун сапаты тиешелүү деңгээлде болбой, коомчулукта нааразычылыктарды жаратканын эскертип өттү.

Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева мектеп курууга каражат бөлүп жатканы үчүн Өзбекстандын бийлигине ыраазычылыгын билдирүү менен бул эки өлкөнүн  кызматташтыгын арттырып, достугун бекемдөөгө түрткү берерин белгиледи.

«Эл аралык мамилелерге байланыштуу болуп жаткандыктан, мектепти куруу маселеси чоң мааниге ээ. Мында «Жетиген» мектебиндей кырдаал түзүлбөшү керек, анда Кыргызстандын курулуш компаниясы өлкөнү уятка калтырган. Таң калыштуусу, ушул мектепти курган компания дагы деле ишин улантып, тендерлерден утуп чыгууда. Бизде эмне, репутациясы булганган компанияларды киргизүүчү «кара тизме» жокпу?, - деген суроо салды депутат Айнуру Алтыбаева.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жаңы курулчу мектепти өзбек курулуш компаниясы ишке ашырып, Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш Башкармалыгы көзөмөл жүргүзөрүн айтты. Ошондой эле министрлик да мониторинг жүргүзөрүн кошумчалады.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы