Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Рыскелди Момбеков: 2018-жылды Айтматов жана Жусуп Мамай жылы деп атоо керек

Мындай сунушун депутат Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, келерки жылы манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы белгиленет.

«Буга чейин кесиптештерим манасчынын айкелин Бишкекке орнотуу жана жаңы конуштардын бирине анын ысмын берүү демилгесин көтөрүшкөн. Тапшырма өкмөткө берилген болчу, а өкмөт мэрияга жолдосо, Бишкек мэриясы мораторийге шылтап жер тилкесин бөлүп берүүдөн баш тартыптыр. Бул эмне деген акмакчылык? Эгерде биз эки көчөгө, жаңы конушка Жусуп Мамайдын атын бералбасак, бул өкмөттүн кыргыз маданиятына түкүргөндөй мамиле кылганы болот», - деди эл өкүлү.

«Өзүңөр билесиңер, филармониянын алдында Манастын эстелиги бар, анын жанында улуу манасчылар Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин эстеликтери  турат. Мэрия Жусуп Мамайга эстелик орнотууга жер таба албаса, анда жогорудагы манасылардын жанына орнотолу», - деди депутат.

Рыскелди Момбеков ошондой эле Жусуп Мамайдын 100 жылдык юбилейи мамлекеттик деңгээлде белгилениши керектигин белгиледи.

«Бул дата мамлекеттик деңгээлде белгиленчү иш-чаралардын тизмесине киргизилиши кажет. Келерки жылы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго 90 жыл толот. Ошондуктан кийинки жыл Кыргызстанда Айтматов жана Жусуп Мамайдын жылы деп белгилениши керек», - деген оюн билдирди депутат Рыскелди Момбеков.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы