Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Эльвира Сурабалдиева: Чубак ажы Жалиловдун үй-бүлөсүндөгү зордук-зомбулукту укук коргоо органдары текшерүүгө алышы керек

Бул жөнүндө эл өкүлү Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жыйынында айтты. Депутаттын айтымында, зордук-зомбулук физикалык гана эмес, моралдык жактан да орун алышы мүмкүн.

«Белгилүү дин аалымы анын аялы экинчи аял алганын оор кабыл алып, бир аз капа болуп жатканын айтты. Бул чынында коркунучтуу прецедент. Элестетип көргүлө, ар бириңиздердин кызыңыздар, карындашыңыздар бар, анан дин аалымы 14 жаштагы жетим кызды үчүнчү аял кылып алганын айтсын. Эгерде дин ишмерлери муну бетине кармай беришсе, анда бизге мыйзамдардын эмне кереги бар? Муну азыр сезбесеңиздер, бул бумеранг сыяктуу бир канча жылдардан кийин кайрылып, ошондо сезесиңер»,  - деди депутат Э. Сурабалдиева.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы