Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Сайдолимжон Жураев: Жүрөк илдети менен төрөлгөн балдардын операцияларын мамлекет мойнуна алышы зарыл

Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жыйынында СДПКчы депутат Сайдолимжон Жураев жүрөк илдети менен төрөлгөн балдарга  операцияларды мамлекет жасаттырып бериши керектигин айтты.

«Урматтуу Өкмөттүн  өкүлү, мага жүрөк илдети менен төрөлгөн балдардын ата-энелери көп кайрылышат. Ар кимдин мүмкүнчүлүгү ар кандай. Кээ бир ата-энелер өздөрү Россия, Казакстанга алып барып, балдарына операция жасаттырышат экен. Мүмкүнчүлүгү жок ата-энелер оор абалга кептелишет, өздөрү да кыйналышат, балдарын да кыйнашат. Ушуга байланыштуу менин сунушум, Өкмөт бул маселеге көңүл буруп, саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырма берсе. Министрлик атайын мониторинг жүргүзүп, Кыргызстанда канча бала жүрөк илдети менен төрөлүп, операцияга муктаж экенин аныктап, ага кетчү чыгымды эсептеп чыгышы керек. Мамлекет мүмкүнчүлүгү жок ата-энелердин балдарына операцияларды жасаттырып берүүнү өз  мойнуна алышы керек. Каржы министрлиги керектүү сумманы таап,  келерки, 2018-жылдын бюджетине киргизип бериши зарыл», - деди депутат Сайдолимжон Жураев.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы