Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Марат Аманкулов: Мыйзамдык актыларды даярдабаган мамлекеттик кызматкерлер жоопко тартылышы керек

Бул жөнүндө СДПК фракциясынын депутаты Марат Аманкулов Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жыйынында айтты.

Анын айтымында, майыптар, көзү начар көргөндөр турак-жайды менчиктештирүүгө укуктары бар, мыйзамдар  аларга мындай кепилдиктерди берет. Бирок 2013-жылы кабыл алынган Турак-жай кодекси мындай укукту мыйзамдык актылардын негизинде ишке ашырат, ал эми мыйзамдык актылар алге чейин иштелип чыгыла элек.

«2017-жыл аяктап баратат. Бул убакыт аралыгында алар андай укугун ишке ашыра алышкан жок. Аларга күтүп турууга жана сотко кайрылууга кеңеш беришет экен. Айрымдары сотко кайрылып, колдорунда чечимдери да бар. Бирок ошого карабай укуктарын пайдалага албай келишүүдө. Мындай кайрылуулардын артында оор тагдырлар турат. Өкмөт башчыга кайрылгым келет, турак-жай эң бир көйгөйлүү маселе. Ошондуктан маселеге көңүл буруп, маселени создуктуруп келатышкан мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин кароого чакырам», - деди эл өкүлү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы