Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Осмонбек Артыкбаев: Мамлекеттик балык чарба ишканалары иштебей жатат!

Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы пленардык жыйынында айтты. Эл өкүлүнүн айтымында, балык чарбаларынын иштеринен майнап болбой жатат.

«Бизде балык чарба ишканасы бар. Мамлекетке карайт, бюджеттен каржыланат, бирок ишкананын ишинен майнап болбой жатат, чарбаларды арендага берип коюшкан.  Балык чарбасы бар экенине карабай, бүгүнкү күндө Кыргызстан балыктарды импорттоп келатат. Ошондуктан айыл-чарба министрлиги, балык чарба департаменти бул багытта иш алып барып, балык чарбаларынын иштерин жандантуусу керек. Өкмөт ушул боюнча иш алып барса», - деди эл өкүлү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы