Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Иса Омуркулов: Экономика министрлиги иштебей жатат!

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов бүгүн, 29-ноябрда  2018-жылга бюджетти бекитүү маселеси каралып жатканда  айтты.

«Баарыбыз билебиз, эффективдүү башкаруудан көп нерсе көз каранды. Башкаруу жакшы болсо, экономада өнүгүү, алга жылуу болот, бюджеттин кирешеси көбөйөт. Тилекке каршы, бул багыттагы иштер аксап атат. Мамлекеттин карамагындагы ишканалардан кайтарым болбой жатат, жүздөгөн ишканалар иштебей турат. Бул жакта канча деген резерв бар, ошол резервдерди пайдалануу аркылуу  бюджетке түшчү кирешелерди көбөйтүү керек», - деди фракция лидери.

Ошондой эле Иса Омуркулов экономика министрлигинин ишин сынга алды. «Ачыгын айталы, экономика министрлиги иштебей жатат. Же чарбалык ипштерде иши көрүнбөйт, же прогноздоо, пландоо  жаатындагы иши жок. Ал жакка кирем дегендер кире албай кыйналышат экен. Андан көрө өкмөт башчыга кирүү оңой дешет. Бири бирин кайталаган башкаруулар көп, мына ушундай көрүнүштөрдөн арылышыбыз керек», - деди депутат.

Мындан сырткары, энергетика министрлигинде эч кандай реформалык кадамдар  болбой жатканын, жада калса электр жабдууларын, чубалгыларды чыгара албай тургандыгыбызды белгиледи.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы