Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Айнура Осмонова Швейцариянын долбоорлорунун ачылышына катышты

Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты Айнура Осмонова 22-23-ноябрь күндөрү Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, ишке ашырылып жаткан «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү  жакшыртуу» долбоорунун ачылыш салтанаттарына катышты.

Аталган долбоордун алкагында , эл өкүлү Ноокен районундагы Сакалды айылындагы жаңы  суу түтүктөрүн ишке берүү иш-чарасына катышты. Долбоорду ишке ашыруу менен эми айылдагы 399 жашоочу 24 саат бою таза суу менен камсыз болду. Буга чейин айылдыктар арыктан аккан, таза эмес сууларды пайдаланып келишсе, колуна бар үй-бүлөлөр сатып алып ичип келишкен.

Ушул эле күнү Ноокендеги Ленин багынын да ачылышы болду. Эс алуу багы буга чейин каралбай, шарттары начар эле. Долбоордун аркасында жаштар гана эмес, улуу муундагылардын да балдары, неберелери менен келип, эс алып, сейилдөөлөрүнө шарттар түзүлдү. Бактын аймагына акысыз Wi-Fi орнотулду.

ЖК депутаты Айнура Осмонова мындан сырткары, Масы айылындагы 170 балага ылайыкталган мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылышына да катышты. Мында бардык шарттар түзүлгөн, акыркы үлгүдөгү жабдуулар менен жабдылып, балдардын сапаттуу билим алып, тарбиялануулары үчүн атайын жабдыктар менен камсыз кылынган. Ошондой эле балдарды электрондук негизде кабыл алуу үчүн атайын сайт ишке киргизилген.

Өз сөзүндө Айнура Осмонова айылдын жашоочулары, наристелер үчүн жагымдуу, кубанычтуу саамалык менен куттуктап,  буга окшогон долбоорлор көбүрөөк ишке ашырылса жакшы болмоктугун айтты. Ал үчүн Швейцария өкмөтү менен кызматташууну колдоо зарылдыгын айтып, ЖК депутаты катары ар тараптуу колкабыш кылууга даярдыгын билдирди. Соңунда бул долбоорлорду ишке ашырып бергени үчүн Швейцария өкмөтү менен Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташуу Башкармалыгынын «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбооруна ыраазычылыгын айтты.

Маалымат үчүн айта кетсек, Долбоор Кыргызстандагы 11 муниципиалитет менен иштешип келет. Долбоордун максаты – жергиликтүү деңгээлде жарандардын суроо-талаптарын канааттандыруу менен башкаруу ишиндеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу  болуп саналат.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Фотогалерея