Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Иса Омуркулов Өкмөттүн административдик-аймактык саясатын сынга алды

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин 29-ноябрдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун айрым калктуу конуштарынын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору талкууланды.

Өкмөттүн алдындагы өзүн өзү башкаруу жана этникалар аралык иштер боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Бахтияр Салиев мындай элдүү конуштарга Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Тосту, Туюк-Жар, Өлөң-Булак, Чарбак, Кара-Башат конуштары кире турганын айтты.

Жыйындын жүрүшүндө, башкы СДПКчы Иса Омуркулов Өкмөттүн административдик-аймактык саясатынын башаламандык тартипте жүргүзүлүп жатканын сынга алып, айылды өнүктүрүү жаатында кандай иштердин аткарылганына кызыкты.

«Силер Жогорку Кеңештин кароосуна мыйзам долбоорун алып келгенде, сөзсүз түрдө колдоого алынат деп ойлойсуздар, ошол эле мезгилде мыйзам долбоорунун маңызына, алып келчү кесепетине кызыкпайсыздар. Айылдын инфраструктурасын калыптандыруу үчүн терең анализ, эсептөөлөр болушу керек. Эгерде жашоочулары каалап жатышат деп эле конуштардын баарына айыл макамын бере берсеңиздер,  ага кетчү чыгымдарды  өлкө бюджети көтөрө алабы? Өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү боюнча 3, 5 жылдык программалары бар эмеспи. Ушул программаларга жаңы айылдарды камтуу жагын карап көрүү зарыл», - деди  Иса Омуркулов. Ошону менен бирге ал бул багыттагы саясатта өкмөт айылдарды ирилештирүү принцибин карманышы керектигин кошумчалады.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы