Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Айнура Осмонова мигранттардын балдарын багып жаткандардын жоопкерчиликтерин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча  комитетинин 27-ноябрдагы жыйынында  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө”, “Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору талкууланды.

Анда эл өкүлү Айнура Осмонова эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча иш алып барган мамлекеттик органдарга кайрылып, бул багыттагы иштерди жандатуу, күчөтүү  зарылдыгын айтты.

«Ата-энелери иштегенге кетишет да,  балдарын көп учурда  чоң ата, чоң энелерине ташташат. Аз эмес учурда балдар аларды баккандар тарабынан  зордук-зомбулуктарга туш болушат», - деди депутат. А. Осмонованын белгилөөсүндө, негизинен  мигранттардын балдары зомбулуктарга жана кыйноолорго  кептелишет. Эл өкүлүнүн айтымында, балдар үчүн ата-энелери да, аларды багып жаткандар да бирдей жоопкерчиликте болушу зарыл.

«Ушуга байланыштуу өкмөттү бул багытта тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгып, балдарды баккандардын жоопкерчиликтерин күчөтүүгө чакырам. Ата-энелер балдарын мыйзам чегинде ташташып, мамлекет баланы багып жаткандардын милдеттеринин аткарып жаткандарына көзөмөл жүргүзө ала  тургандай болушу кажет», - деди Айнура Осмонова.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы