Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Улан Примов: Кыргызстандын бюджети «Кумтөргө» көз каранды болбошу керек

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин 27-ноябрдагы жыйынында эл өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карашты.

Мыйзам долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө, депутат Улан Примов өкмөткө кайрылып, сырткы жана ички карыздардан кутулуу саясатын кайрадан карап чыгуу зарылдыгын айтты. Анын белгилөөсүндө, карыздык  оорчулук абалдан чыгууга кардиналдуу чараларды көрүү кажет.

Ошондой эле депутат «Кумтөр» ишканасынын келечеги тууралуу сурады. Экономика министри Артем Новиков рудникти 2026-жылга чейин иштетүү пландалып жатканын айтып, болжол боюнча  жылына 14-16 тонна алтын өндүрүлө турганын билдирди. Ал эми каржы министри Адылбек Касымалиев бюджетти түзүүдө ишкананын үлүшү 7-8 %ды түзөрүн белгилеп өттү.

Эл өкүлү экономиканын башка секторлорундагы потенциалды өнүктүрүү керектигин, жалаң эле «Кумтөр» ишкнанасына таянуу туура эместигин билдирди.

«Мамлекеттин экономикасы жалгыз «Кумтөр» ишканасынан эле көз каранды болбошу керек. Өкмөт ыкчам түрдө экономиканын башка келечектүү тармактарын өнүктүрүүсү абзел. Азыркы күндө Кыргызстанда өнөр-жай тармагы жокко эсе. Ушуга байланыштуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизде өнөр-жай секторун өнүктүрүүгө 500 млн. сом бөлүүнү сунуштайм», - деди Улан Примов.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы