Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Төрөбай Зулпукаров: Кыргыз-өзбек чек араларын делимитациялоону каржылоо приоритеттик негизде болушу керек

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин 27-ноябрдагы жыйынында эл өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карашты.

Анда депутат Төрөбай Зулпукаров каралып жаткан мыйзам долбоорунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле ал каржы министрлигине кайрылып, бюджеттин киреше эмес, чыгаша бөлүгүнө басым жасап жатканын сынга алды.

«Сиздер бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн караган жоксуздарбы? Эмнеге сиз баяндамаңызды негизинен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө арнап жатасыз? Мен өкмөттү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнө басым жасоого чакырат элем. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн кандай резервдерди пайдалануу керектиги айтылса», - деди Төрөбай Зулпукаров. Муну айтуу менен эл өкүлү депутаттар тарабынан берилген сунуштардын да 70 %ы чыгаша бөлүгү боюнча экенин кошумчалады.

Мындан сырткары, эл өкүлү кыргыз-өзбек чек араларын делимитациялоодо инженердик иштерди жүргүзүүнү каржылоо зарылдыгын айтты. «Учурда эки өлкөнүн аракеттери менен чек аралардын 75%ы макулдашылды, эми 200-300 чакырымга созулган чек ара тилкелеринде инженердик иштерди жүргүзүү кажет. Ушуга байланыштуу чек араларды делимитациялоого республикалык бюджеттен 100 млн. сом керек», - деди депутат.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы