Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Улан Примов тоо кен тармагына инвесторлорду тартууга багытталган мыйзам долбоорун кабыл алуу зарылдыгын айтты

Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында «Жайыттар жөнүндө» мыйзамын өкмөттүн токтомуна ылайык келтирүү зарылдыгын белгиледи.

«Өкмөт тарабынан №756 токтом демилгеленген, ал тоо кен тармагындагы инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган. Депутаттар аталган токтомду колдошуп, президент кол койгон. Бирок «Жайыттар жөнүндө» мыйзамдагы жайыттарды ижарага берүүгө тыюу салган  15-беренеге тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген жок, бул кабыл алынган токтомду жокко чыгарып коюуда», - деди Улан Примов.

Эл өкүлү учурда өкмөт «Жайыттар жөнүндө» мыйзам долбоорун демилгелеп, ал министрлик менен ведомстволордун кароосунда экенин билдирди.

«Андыктан мыйзам долбоорун парламенттин  кароосуна киргизүүнү тездетүү керек, инвесторлорго жагымдуу шарттардын түзүлүүсү өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет», - дейт депутат.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы