Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Осмонбек Артыкбаев: Таза суу боюнча өкмөттүк саат өткөрүүнү сунуштайм

Мындай сунушун депутат Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 23-ноябардагы жыйынында билдирди. Анын белгилөөсүндө, өкмөттүк саат өткөрүп, «Таза суу» долбоорун ишке ашыруу иштерин тездетүү зарыл.

«Мен таза суу маселеси боюнча өкмөттүк саат өткөрүүнү сунуштайм. Бул бүгүнкү күндө  өтө актуалдуу болуп турат. Учурга карата таза суу менен камсыз кылуу 55 %га чечилди. 657 айылга таза суу жеткириле элек. Өкмөт эл аралык финансы институттары, донорлор менен иштешип, 22 млрд. сомду таба алды. Бирок таза суу менен камсыз кылуу иштери жеткиликтүү деңгээлде болбой жатат, жай жүрүүдө. Курулушту жазында баштап кышка чейин бүткөрүү керек. Башталган иштер бүтпөй, создуктурулуп калууда.  Ошондуктан бул багыттагы иштерди ыкчамдатуу максатында өкмөттүк саат өткөрүү зарыл. Жакынкы күндөрү өткөрүп, «Таза суу» программасынын ишке ашырылып жатканы боюнча маалыматтарды алышыбыз зарыл», - деди эл өкүлү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы