Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Абдывахап Нурбаев: Билеттин баасы эмнеге үч эсеге кымбаттап кетти?

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 22-ноябрдагы жыйынында СДПКчы депутат Абдывахап Нурбаев ички рейстерге учактардын билети кымбаттап кеткенин айтып, арзандатуу зарылдыгын айтты.

«Эмне үчүн авиа билеттердин баасы 3 эсеге көтөрүлүп кетти? Мурда билетти 1,5 миң сомго сатып алса болот эле, азыр 5 миң сомго жакындап калды. Жүргүнчүлөргө мындай баага билетти сатып алуу оор», - деген эл өкүлү ички рейстерге билеттердин баасын төмөндөтүү керектигин белгиледи.

Транспорт жана коммуникация министри Жашитбек Калилов билеттердин баасын төмөндөтүү сунушун айтканын билдирди. «Алар бааларын төмөндөтүшөт да, кайра көтөрүп жиберишет. Биз жогорку чекти белгиледик, билеттин баалары 4,5 миң сомдон ашпашы керек. Бул сунуш учурда каралып жатат. Бир да авиа компанияга чектөө киргизген жокпуз, себеби, атаандаштык принциби бар. Бир айдын ичинде маселе чечилет. Эгерде атаандаштык жогору болгондо, баалар да төмөндөмөк», - деди министр.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы