Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Иса Омуркулов Коопсуздук кеңеши жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу айтты

Жогорку Кеңештин депутаттары 22-ноябрдагы жыйынында эл өкүлдөрү «КР коопсуздук Кеңеши жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулашты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов мыйзамдын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү сунушталып жатканын айтты.

«Коопсуздук Кеңешинин тар курамына Президенттик Аппараттын жетекчиси менен Башкы прокурорду киргизүү сунушталууда. Президенттин Аппарат жетекчиси Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдерди аткарат, а Башкы прокурор Коопсуздук кеңишинин чечимдеринин аткарылуусунун тууралыгын карайт», - деди Иса Омуркулов. Ал муну менен катар аталган кызмат адамдарынын катышуусу кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун жана уюштуруу иштериндеги оперативдүүлүктү камсыз кылуу үчүн  зарыл экенин белгиледи.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы