Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кожобек Рыспаев «Кыргызжилкоммунсоюз» ишканасынын субсидиясын кыскартпоого чакырды

Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 14-ноябрдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019 – 2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018 – 2019-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору талкууланды.

Жыйында комитеттин төрагасы, СДПКчы депутат Кожобек Рыспаев 2018-жылдын бюджетинин долбоору боюнча «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын субсидиясын 100 млн. сомго кыскартуу пландалып жатканын маалымдады.

Эл өкүлү каржы министрлигине кайрылып, ишкананын бюджетин жок дегенде 50 млн. сомго көбөйтүүгө чакырып, казандарды кайрадан жабдуулоого каржы керектигин айтты. Ал субсидиясы кыскартылып, андан кийин жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органына өткөн Ош жылуулук ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрү кымбаттап кеткенин мисалга тартты. 

«Кыргызжилкоммунсоюз» ишканасы акырындап карыздарынын кутула баштады, насыялык карыздары жокко эсе. Ошондуктан ишкана бутуна туруп, өзүн өзү каржылоого өтүшүнө колдоо көрсөтүү керек. Ишкананын көп пландары бар, 100 млн. сомго казандарды жаңылайбыз деп жатышат. Биз профилдик комитет катары бизге тиешелүү профилдик ведомствону колдобой коюуга болбойт», - деди депутат.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы