Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кыргызстан Nutrition Champion Award 2017 сыйлыгына татыды!

Мындай сыйлыкка Кыргызстан азыктанууну жакшыртуу тармагындагы жетишкендиктери үчүн ээ болду. Бул жөнүндө ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев маалымдады.

Буга байланыштуу өткөн маалымат жыйынынга эл өкүлү Осмонбек Артыкбаев, БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юние Мокуо, КР Айыл чарба, тамак-аш, өнөр-жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев жана Азыктанууну жакшыртуу, азык-түлүк коопсуздугу үчүн жарандык альянстын өкүлү Гүлмира Кожобергенова катышты.

Анда депутат Осмонбек Артыкбаев 2005-жылдан бери аз кандуулукту, адам организмине темир жетишсиздигин жоюу максатында күнүмдүк пайдаланылган нан унун темир менен байытуу маселесин көтөрүп келатканын маалымдады. Анын айтымында, 2009-жылы нан унун тиешелүү витаминдер менен байытуу жөнүндө мыйзам кабыл алынган, анын жүзөгө ашырылышын күчөтүүгө багытталган мыйзамдар 2015-жылы кабыл алынып, тыкыр көзөмөлдөнүп келүүдө. Натыйжада аз кандуулук 40 %дан 26 %га түштү. Б.а. учурда өлкөдө өндүрүлгөн ундун 51 %ы байытылууда.  

«Бул жетишкендиктер менен эл маселе токтоп калбайт. Алдыда көп иштер бар, атап айтсак, жарандарыбыздын  дени-карды соо болуп, акыл эси тунук өсүшү үчүн жогорудагы көрсөткүчтөрдү дагы көтөрүшүбүз керек. Бул иштерге мыйзам чыгаруу органынын аралашып, кийлигишүүсү чечүүчү жагдай», - деди депутат. Өз сөзүндө  депутат Кыргызстандагы элдин саламаттыгын чыңдоо үчүн көрсөткөн көмөгү үчүн БУУга, ЮНИСЕФке, Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына ыраазычылыгын билдирди.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкие Мокуо азыктанууну жакшыртууга жигердүү катышып жатканы үчүн Жогорку Кеңешке ыраазычылыгын айтты. Азыктанууну жакшыртуу, азык-түлүк коопсуздугу үчүн жарандык альянстын өкүлдөрү ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев менен биргеликте бул багытта бир катар иш-чараларды, саамалыктарды өктөрүшкөндөрү боюнча маалыматтарды беришти.

Аталган  Nutrition Champion Award  2017 сыйлыгы   SUN (Scaling Up Nutrition Movement) кыймылынын 7-9-ноябрда Кот-Дивуардын Абижан шаарындагы 60 өлкө катышкан  өткөн конференцияда ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаевге тапшырылды.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

 

Фотогалерея