Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Иса Омуркулов Өкмөттү курулушу токтоп калган объекттерди бүткөрүүнү тездетүүгө чакырды

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин бүгүнкү, 14-ноябрдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” жана   “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө, башкы СДПКчы Иса Омуркулов 2018-жылы бюджеттегилердин маяналарын, ошондой эле жөлөкпулдардын өлчөмүн көтөрүү үчүн канча каражат каралып жатканына кызыкты.

«Үч жылдык программага ылайык, 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлердин айлыктарын көтөрүүгө 335 млн. сом каралган. 2018-жылы бул максатта 1 млрд. сом бөлүү пландалууда», - деди А. Касымалиев. Бирок министр бул каражат мугалимдер менен дарыгерлердин айлыктарын көтөрүүгө эмес, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлердин эмгек маяналарын көтөрүүгө жумшаларын белгиледи.

«Жөлөк пулдардын өлчөмү жөнүндө айтсам, жылына 10-15 %дык көтөрүүнүн негизинде кепилденген минималдык кирешенин өлчөмү көбөйүүдө», - деди каржы министри.

Иса Омуркулов ошондой эле Өкмөткө кайрылып, курулуп жаткан мектеп, оорукана, бала бакчалардын курулушун аяктоо зарылдыгын айтты.

«Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жүздөгөн социалдык объекттер курулуп жатат, алардын айрымдары 10-15 жылдап бүтпөй турат. Бул объекттерге бөлүнгөн каражаттар жоголуп жатса, бүтпөгөн конструкциялар талкаланууда. Мунун натыйжасында объектти ишке киргизүү үчүн  андан да көп каражат зарыл болууда. Бул маселени чечүүгө Өкмөт тараптан кандай саясат жүргүзүлүп жатат?», - деген суроо салды СДПК лидери.

Министр А. Касымалиев эң ириде 70 %ы бүткөн объекттерге каржы бөлүнүп жатканын, андан соң калгандарына бөлүнөрүн билдирди. «Мында табигый кырсыктан улам жарактан чыккан объекттер эске алынбайт», - деди А. Касымалиев.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

 

Фотогалерея