Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Улан Примов: Соцфонд менен ММКФнын чыгаша жана кирешелери бюджет Комитетинде каралышы керек

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин 14-ноябрдагы жыйынында  “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагында маселелерди бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы №24-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Комитеттин чечиминин долбоору каралды. Долбоордун демилгечиси депутат Улан Примов.

Эл өкүлүнүн  айтымында, өзгөртүүлөр комитеттин ишин алып барууну жаңы бюджеттик мыйзамдарга ылайык келтирүүгө багытталган. Тагыраагы, Социалдык фонд менен Саламаттыкты сакт оо министрлигинин алдындагы милдеттүү медициналык  камсыздандыруу Фондунун бюджети социалдык маселелер боюнча комитетте эле эмес, бюджет жана финансы комитетинде да каралуусун белгилейт.

«Бюджеттин жаңы кодекси боюнча, Социалдык фонд менен ФОМСтун чыгашалары өзүнчө беренелер менен каралат. Ушуга байланыштуу эки фонддун бюджетин ЖКнын бюджет Комитетинде кароо сунушталууда», - деди У. Примов.

Талкуунун соңунда Комитеттин депутаттары долбоордун чечимин колдоого алышты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Фотогалерея