Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Мурадыл Мадеминов: 2017-жылы бюджетте 2 млрд. сомдук жоготуу болду

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин 13-ноябрдагы  жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020 -жылдарга болжолу жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоорун талкуулашты.

Жыйында СДПКчы депутат Мурадыл Мадеминов болжолдонгон жана иш жүзүндөгү салыктык кирешелердин ортосундагы айырмага  өкмөттүн көңүлүн бурду.

«Эки салыктын түрү боюнча бюджеттеги жоготуу 2 млрд. сомду түздү, 1 млрд. сомдук жоготуу  киреше салыгына тиешелүү. Ушул жылдын апрелинде С. Жээнбековдун отчетун карап жатканда, мен Салык кызматынын башчысына бул боюнча суроо жолдогом. Ошондо мындай темп менен жыл аягына чейин бюджеттеги жоготуу 1,5 млрд. сомду түзөрү айтылган. Мен күзүндө бул суроону көтөрө турганымды айткам. Жоготуу эмитен эле 1 млрд. сомду түзүп жатат. Эмне үчүн чара көрүлгөн жок? Буга ким күнөөлүү?», - деди Мурадыл Мадеминов.

Салык кызматынын төрага орун басары Кубанычбек Кумашев салык органдары болжолдук көрсөткүчтөргө жетише албай жатканына карабай, киреше салыгын жыйноо көлөмү өсүп жатканын билдирди.

«Көп учурда болжолдуу бюджетти бекитип жатканда, дымактуу пландар коюлат, мындай жогорку планка атайын жакшы натыйжаларды камсыз кылуу үчүн белгиленет», - деди К. Кумашев.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы