Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Улан Примов мамлекеттик мүлктөрдү натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын айтты

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин 13-ноябрдагы  жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020 -жылдарга болжолу жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоорун талкуулашты.

Жыйындын жүрүшүндө, депутат Улан Примов сырткы карыздын кайсыл бөлүгү өнөр-жай тармагын өнүктүрүүгө жумшалганына кызыкты. Өкмөттүн өкүлдөрүнөн так жооп болбогондуктан, Улан Примов эгемендикке келгени 118 млн. доллар өнөр-жайды өнүктүрүүгө жумшалганы боюнча маалыматты айтты.

«Сырттан алынган акчалардын калган бөлүгү инфраструктураны, энергетика тармагын өнүктүрүүгө, жолдорду курууга сарпталган. 118 млн. доллар менен кантип энергетика тармагын өнүктүрүүгө болот?, - деген суроо салды депутат. Ошону менен бирге эл өкүлү өкмөттү  сырткы карызды реструктуризациялоо боюнча иш алып барууга чакырып, бошогон  акчаларды өнөр-жай секторун өнүктүрүүгө жумшоо зарылдыгын айтты.

Ошондой эле Улан Примов экономика министрлиги менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна кайрылып, мамлекеттик активдерди натыйжалуу пайдаланып, токтоп турган ишканалар боюнча терең анализ жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы