Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Рыскелди Момбеков: Авто унаа башкаруу – бул эң ириде чоң жоопкерчилик жана тобокелчилик

Бул тууралуу СДПКчы депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин 9-ноябрдагы жыйынында айтты. Ал өкмөттү жол кырсыктарын азайтып, жолдордогу өлүмдүн көрсөткүчүн кыскартуу үчүн биргеликте аракеттерди көрүүгө чакырды.

Ал белгилеп өткөндөй, акыркы 5 күндө эле жол кырсыктарынан 30 адам көз жумду. «5-ноябрда авариялардан 5 адам көз жумду, 6-ноябрда - 14 адам, 7-ноябрда – 4 адам, 8-ноябрда – 4 адам көз жумган болсо, бүгүн таңга маал Токмок шаарындагы жол кырсыгынан дагы бир адам оо дүйнөгө кетти. Тагыраак айтканда, акыркы 5 күндө авто унаа кырсыгы 30 адамдын өмүрүн алды», - деди Р. Момбеков.

Эл өкүлү ошондой эле айрым айдоочуларда социалдык жоопкерчилик болбой жатканын, жол кырсыктарына маани бербегендиктен улам башкалардын өмүрлөрү менен ден-соолуктарын чоң тобокелчиликке кириптер кылышарын айтты.

«Эмне, бизде каскадерлорго кастинг же шумахерлерге тренинг өткөрүлүп жатабы? Айдоочулар авто унааны башкаруу биринчи кезекте чоң жоопкерчилик жана тобокелчилик экенин унутпашы керек. Дүйнөдөгү ири Нью-Йорк шаарында жылына 200 адам өлсө, Кыргызстанда бир айда ушунча адам көз жумат. Эки жыл мурда патрулдук милиция түзүлгөн, ага чоң каражат бөлүнгөн. Патрулдук милиция шаарды айланып, жол кыймылына көз салып жүрүшү керек эле. А алар болсо дарактын же мамычанын түбүндө радар менен турушат. «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашырылбай жатат», - деди Рыскелди Момбеков.  

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы