Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Аида Касымалиева: Ростов-На-Донудагы өрттөн жапа чеккен мекендештер биздин жардамга муктаж болууда

Бул тууралуу СДПКчы депутат Аида Касымалиева Жогорку Кеңештин 9-ноябрдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, Россиянын Ростов-На-Дону шаарындагы базарда чыккан өрттөн ири материалдык зыянга учураган  кыргызстандыктар жардамга жана колдоого муктаж болуп жатышат.  

«Биз Ростов-На-Донудагы базарда чыккан өрттү өкүнүү менен кабыл алдык. Анткени, базарда соода кылгандардын 70 %ы Кыргызстандын жарандары болуп эсептелет. Тилекке каршы, мекендештерибиз товарларынан эле эмес, көп жылдардан бери топтоп келаткан акчаларынан да айрылышты. Себеби, көпчүлүгү акчаларын үйүндө, же банкта эмес, контейнерлерде сактап келишкен. Ар бир соодагердин каржылык зыяны 10-50 млн. рублдин тегерегинде экен», - деди эл өкүлү.

Депутат белгилеп өткөндөй, соода кылгандардын көбү Россиянын жарандыктарын алышкан, бирок ага карабай Кыргызстан колдон келген жардамын, колдоолорун көрсөтүшү зарыл.  

«Контейнерлер камсыздандырылган эмес, ошондуктан соода кылгандар иш жүзүндө  көчөдө калышты. Албетте, биз алардын зыяндарын компенсациялай албадык, себеби, алар Россиянын жарандары. Бирок биз башка жагынан жардам көрсөтсөк болот. Алардын көбүнүн ипотека, насыялары бар. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын дипломатиялык кызматтары базардын администрациясы менен байланышып, өрттөн жабыркагандарга жеңилдиктерди берүү жагын колго алуу керек. Балким, кайсыл бир убакка чейин ижара акыларын төлөөдөн бошотуп, насыяларды төлөө шарттарын жеңилдетүү керектир», - деди Аида Касымалиева.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы