Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Марат Аманкулов элди алдаган курулуш компаниялары тууралуу маселе көтөрдү

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 9-ноябрдагы жыйынында СДПКчы депутат Марат Аманкулов жарандарды алдап келаткан ак ниетсиз курулуш компанияларынын жоопкерчилигин күчөтүп, аларга карата чараларды көрүү зарылдыгын айтты.

«Акыркы 10 жылда курулуш тармагы жанданды. Көптөгөн көп кабаттуу үйлөр курулууда. Бул жакшы көрүнүш. Бирок ошол эле мезгилде үй алуучуларды алдап, кыйнаган ак ниетсиз курулуш компаниялары пайда болду. Андай компаниялар жарандардын акчаларын алышат да, курулушту белгиленген мөөнөттө бүтпөй, жылдап создуктуруп, эксплуатацияга бербей жүрө беришет. Мында акчаларын берген жарандар кыйналып калышууда. Же үйлөрүнө кире алышпайт, өздөрүнө каттата алышпайт, тиешелүү коммуналдык кызматтар көрсөтүүлөрдөн пайдалана алышпайтт.  Ошондуктан буга окшогон компаниялардын жоопкерчиликтерин күчөтүп, аларга карата мыйзам чегинде чараларды көрүү зарыл. Керек болсо, ак ниетсиз компаниялардын реестрин түзүшүбүз керек», - деди Марат Аманкулов.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы