Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Аида Касымалиева Кочкор районундагы Ш. Абдылдаев атындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту

Бүгүн, 8-ноябрда Жогорку Кеңештин чыгыш залында СДПК фракциясынын депутаты Аида Касымалиева Нарын облусунун Кочкор районундагы Ш. Абдылдаев атындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту.

Жаштар менен жолугушууда эл өкүлү өзүнүн ишмердиги, басып өткөн жолу, ошондой эле кыргыз парламентинин иши, билим берүү тармагын өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо багытында кандай мыйзам долбоорлору кабыл алынып жатканы боюнча айтып берди.

Суроолорго жооп берип жатып, депутат Аида Касымалиева жаштарды  билим алууга өзүн өзү өстүрүүгө чакырып,  чет тилдерди үйрөнүүнүн мааниси өтө чоң экенин белгиледи. Ал белгилеп өткөндөй, чет тилин билүү адамга өз потенциалын ачууга,  мүмкүнчүлүктөрүн  пайдаланууга шарт түзөт.

Жолугушуудан кийин жаштар үчүн Жогорку Кеңештин ичинде атайын экскурсия уюштурулду. Студенттер китепканада болушуп, диплом жана сыйлыктардын көргөзмөсүн көрүштү. Ошондой эле ЖКнын кичи жана чоң залдары менен да таанышты. Салтка айлангандай, экскурсия студенттердин Кыргызстандын Конституциясынын жанында эстелик сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

 

 

Фотогалерея