Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

СДПКчы депутаттар Кытайдын Компартиясынын өкүлдөрү менен парламенттер аралык кызматташуунун келечегин талкуулашты

Бүгүн, 8-ноябрда СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов менен  депутат Азамат Арапбаев  Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин делегациясы менен жолугушту. Кытай делегациясын Кытай КП БКнын Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Шэн Бэйли айым баштап келди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы парламенттер жана партиялар аралык кызматташуунун келечеги, ошондой эле Кытай Компартиясынын 19-съездинин жыйынтыгы тууралуу пикир алмашуулар болду.

Сөз алган Иса Омуркулов кытай делегациясын Кытайдын Коммунисттик партиясынын 19-съездин ийгиликтүү өткөрүп, КП БКнын жаңы курамын шайлап алышы менен куттуктап өттү. «Болуп өткөн съезддин Кытай үчүн эле эмес, жалпы дүйнөлүк коомчулук, анын ичинде Кыргызстан үчүн да мааниси бар», - деп баса белгиледи фракция лидери.

Ошону менен катар Иса Омуркулов Кытай менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясаттагы приоритеттеринен болуп саналарын белгилеп, анын достук, маданият, коопсуздук, экономика ж.б. тармактар үчүн мааниси чоң экенин кошумчалады.

«Мында башкы маселе Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы парламенттер жана партиялар аралык кызматташууну бекемдөө болуп саналат. Биз мындан ары да кызматташтыкты бекемдөөгө, парламентаризм менен партиялык түзүлүштү өнүктүрүү үчүн кызматташууга даярбыз», - деди И. Омуркулов.

Кытай делегациясынын башчысы Шэн Бэйли айым жылуу кабыл алганы үчүн СДПК фракциясына ыраазычылыгын билдирип, кызматташууну өнүктүрүүгө, жаңы бийиктикке чыгарууга Кытай тарап  кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле Кытайдын Коммунисттик партиясынын 19-съездинде кабыл алынган стратегиялык өнүктүрүү жаатында кабыл алынган чечимдер тууралуу айтып  берди.

Соңунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык кызматташтык учурда жогорку деңгээлде жүрүп жатканын белгилөө менен парламенттер жана  партиялар аралык кызматташууну өнүктүрүү, бекемдөө багытында көп тараптуу иштерди алып барууга макулдашышты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

 

 

 

Фотогалерея